Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскердик контингенти
Казакстанда өз ишине киришти. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда,
куралдуу күчтөрдүн курамы Алматы шаарындагы маанилүү стратегиялык объект
деп эсептелген ЖЭБ-2нин кайтарып жатат. Тынчтык орнотуучулар Казакстанга
Жогорку Кеңештин чечими жана президенттин жарлыгы менен кеткен.
Негизги милдет катары кошуна өлкөдө кыска мөөнөткө жүрүү учурунда
стратегиялык маанидеги объектилерди кайтаруу.