Бишкекте коменданттык саат учурунда эреже бузгандар болгон жок

Бишкекте коменданттык саат учурунда эреже бузгандар болгон жок.

Бул тууралуу ордо калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, коомдук тартипти бузуу, жеке жана мамлекеттик мүлккө

кол салуу факттары катталган жок. Коопсуздукту Бишкек милициясы, кайгуул кызматы,

аскерлер жана элдик кошуундар камсыздап жатышат. Белгилеп кетсек, ордо калаада

түнкү саат 10дон таңкы 5ке чейин коменданттык саат күчүндө болот. Бул убакта

бардык жарандарга үйдөн сыртка чыгууга уруксат берилбейт. Комендатуранын

ишине көмөктөшө турган кызматкерлерге гана жолдо жүрүүгө чектөө жок.