Ош шаарындагы Бабур академиялык музыкалык драма театрын оңдоо иштери уланууда.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө маданий мекеменин электр жана
жылуулук тармактары калыбына келтирилүүдө. Театрды оңдоп-түзөө иштерине
5 миллион доллар багытталат. Каражат Өзбекстандан алынган гранттан берилет.