Ысык-Көлдө шакекче жолду оңдоого Араб фонду 128 миллион доллар бөлүп берет

Ысык-Көлдө шакекче жолду оңдоого Араб фонду 128 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди. Белгилеп кетсек, долбоордун алкагында Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки  104-184-чакырымдарды камтыган тилке  калыбына келтирилет.

 

Каражат 2,5 үстөк пайызы менен 25 жылга берилүүдө, — деди чиновник.