Кыргызстанга келген бир дагы турист коронавирус жуктурган жок.
Бул тууралуу 24 агенттигине Туризм департаментинен билдиришти. Соңку жарым жылдын ичинде Кыргызстанга 1 миллиондой турист келди.
Алар Өзбекстан, Казакстан жана Россиянын тургундары. Андан тышкары, Европа, араб мамлекеттеринен, Япония, Индиядан дагы келгендер бар. Ведомстводон белгилешкендей, туризм тармагында коронавирусту жайылтпоо максатында атайын алгоритм иштелип чыккан.