Ысык-Көлдө санитардык талаптарды сактоо менен эс алууну уюштуруу боюнча сунуштар ушул жуманын аягына чейин түзүлөт

Ысык-Көлдө санитардык талаптарды сактоо менен эс алууну уюштуруу боюнча сунуштар ушул жуманын аягына чейин түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Облус администрациясынан белгилешкендей, кечээ отурумунда район акимдерине азыркы шартта туристтик сезонду өткөрүү үчүң иш-чаралар комплексин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Идеялар жана сунуштар Саламаттыкты сактоо министрлигине жөнөтүлөт.

 

Андан кийин бийлик пансионат, эс алуу үйлөрү жана туристтердин өздөрүнө бирдиктүү сунуштарды берет.