Кечээ Кыргызстандын үч жеринде жер титиреди

Кечээ, 27-июлда Кыргызстандын үч жеринде жер титиреди.

Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 06:41де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кара-Суу районунун Лангар айылында эки баллга чейин сезилген.

Ал эми саат 15:52де Жалал-Абад облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Жер титирөө Аксы районунун Тегирмен-Сай, Товар-Сай, Жылгын, Коргон, Авлетим, Мукур, Кызыл-Капчыгай, Кашка-Суу, Аркыт айылдарында төрт балл, Ак-Дөбө, Жаңы-Жол, Кой-Таш, Кара-Жыгач, Чарбак, Жүзүмкан, Кызыл-Көл айылдарында жана Кербен шаарында үч балл, Таш-Көмүр шаарында жана Ала-Бука районунун Ала-Бука айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле саат 20:54тө Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болуп, ал Кочкор районунун Шамшы, Дөң-Алыш, Комсомол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.