Жалал-Абад облусунда сел жана мөндүрдүн чыгымы 6 миллион сомдон ашты.
Жергиликтүү администрациянын маалыматына ылайык, аталган сумма Ала-Бука,
Аксы, Ноокен жана Базар-Коргон райондорундагы кырсыктын кесепетинин чыгашасы.
Ал эми Сузак районунда табият кырсыгы олуттуу зыян алып келген жок.
Жаратылыш кырсыгынан эгин талаалары, мөмөлүү бак-дарактар,
турак жайлар зыянга учурап, 53 мал кырылды. Буга чейин селдин
кесепетинен Баткен облусу 55 миллион сом чыгым тарткан.