Кыргызстанга коронавируска каршы россиялык “Спутник V” вакцинасынын 80 миң дозасы келди.
Ал 40 миң адамга жетет. Бул тууралуу Республикалык иммуно-профилактика борборунун
директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Препартаттын эки компоненти 20 долларды түзөт,
вакцинаны сатып алууга каражат республикалык бюджеттен бөлүндү.
Эске салсак, буга чейин өлкөгө россиялык вакцинанын 40 миң дозасы жеткирилген.