Кыргызстанга Россиядан которулган акча азайды

Кыргызстанга Россиядан которулган акча азайды.

Улуттук банктан билдиришкендей, өлкөгө которулган акчанын эң чоң көлөмү Россиядан келип, бирок былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33 пайызга төмөндөдү.

Акча которуу боюнча экинчи орунда Америка турат. АКШдан 5 миллион доллардан ашык түшкөн.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 1,6 эсеге көп. Кыргызстанга которулган акчанын 8,5 миллион доллары башка мамлекеттерге туура келет.

Белгилеп кетсек, жыл башынан бери өлкөгө которулган акчанын көлөмү дээрлик 520 миллион долларды түздү.

Бул былтыркыга караганда 4,6 пайызга аз.