Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 9 айында 2 миллиондон ашык турист келди

Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 9 айында 2 миллиондон ашык турист келди. Бул тууралуу 24 агенттигине Туризм департаментинен билдиришти.

 

Өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, көрсөткүч 549 миңге көп. Кыргызстанга келгендердин арасында Өзбекстан, Россия, Түркия, Кытай, Индия, АКШ, Түштүк Корея, Пакистан, Франция, Сауд Арабия, Япония, Польша жана Испания жарандары бар.

 

Туристтик тармактан, мейманкана жана ресторандардан салык төлөмдөрү катары өлкө бюджетине 500 миллион сом түштү.