Ысык-Көлдө туристтик сезон өлкөдө эпидемиологиялык абал толугу менен турукташкандан кийин ачылат

Ысык-Көлдө туристтик сезон өлкөдө эпидемиологиялык абал толугу менен турукташкандан кийин ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

 

Анын айтымында, учурда Туризм департаменти туристтик объектилерди ишке киргизүү боюнча атайын долбоор иштеп чыгууда. Андан кийин план Саламаттыкты сактоо министрлигине жөнөтүлөт.

 

Ведомство аны жактыргандан кийин гана туристтик сезонду ачууга уруксат берилет. Ысык-Көлдөгү бардык пансионат жана эс алуу үйлөрүнө санитардык эрежелерди сактоо боюнча эрежелерди сактоо тапшырмасы берилди, — деди Осмоналиев.