Токтогул суу сактагычында нымдуулук азаюуда. “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына ылайык, учурда өлкөнүн башкы резервуарында 12 миллиард кубометр суу бар.
Бул былтыркы көрсөткүчтөн дээрлик 3 миллиард кубга аз. Бүгүнкү күндө суунун келүүсү секундасына 229 кубометрди түзсө, чыгышы – 386 кубометрге жетүүдө.
Буга чейин Улуттук энергохолдинг жарандарды электр энергиясын үнөмдөп, тышкы жарык, жарнама, дүкөн, кафе жана ресторандардын жарыктандыруусун өчүрүүнү сунуштаган.