Кытай Кыргызстанда электр лампасын чыгарган завод курат

Кытай Кыргызстанда электр лампасын чыгарган завод курат. Бул тууралуу кыргыз-кытай бизнес-форумунда айтылды. Заводдун курулушу менен 150 жаңы жумуш орду түзүлөт.

 

Бизнес форумда заводдун курулушунун биринчи этабын баштоо боюнча кытайлык компания менен келишим түзүлдү.

 

Ишкана өлкөнүн кайсы аймагында, кандай шарттар менен курула турганы азырынча белгисиз.