Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу ушул жылдын октябрында башталат

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу ушул жылдын октябрында башталат. Завод катуу коммуналдык калдыктардын 60 пайызга чейинкисин кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Бул тууралуу ордо калааны өнүктүрүү агенттигинин директору Курманбек Молдокулов билдирди. Ал эске салгандай, таштандыны кайра иштетүү боюнча масштабдуу долбоорду чехиялык компания ишке ашырат.

 

Объект эки жылдын ичинде полигондун жанына курулууга тийиш. Завод бардык заманбап талаптарга жооп берип, анда кабыл алуучу жана иргөө бөлүмдөрү түзүлүшү керек.