Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат.

Бул тууралуу вице-мэр Мирлан Амантуров  билдирди.

Анын айтымында, апрель айында курулушка даярдоо башталат.

Учурда эски полигонду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Долбоорго жалпысынан 22 миллион доллар каралган.

Жумуштарга ылайык 32 атайы техника сатылып алынды.

Жаңы завод ушул жылдын декабрь айынан тарта

иштеп баштайт, — деди Амантуров.