Кытайда кулаган учакта каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок

Кытайда кулаган учакта каза тапкандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Белгилеп кетсек, аба кемеси Учжоу шаардык округундагы Тэн уэздинде кыйраган.

 

Бортто 133 адам болгон. Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.