Ноорузга арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеште Таластын “Ынтымак” командасы жеңишке жетти. Финалдык оюнда таластыктар Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасын 4:1 эсебинде жеңди. Оюн кечээ Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү.
Жогорку лигада 1-орунга 1 миллион сом, 2-орунга 500 миң сом, 3-орунга 250 миң сом тапшырылды.