Баткен облусунун Кадамжай районундагы кооптуу аймактагы тургундар көчүрүлөт.
Бул тууралуу Турмуш басылмасына жергиликтүү администрациядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Чаувай айылындагы жаз-жай мезгилдеринде катуу жааган жаандан улам,
сел каптоо коркунучу жогору болгон аймакта жашап жаткан 28 үй-бүлө көчүрүлөт.
Иштер 20-апрелге чейин толук аяктайт. Учурда өзгөчө
кырдаалдар министрлиги тарабынан 10 чатыр тигилип жатат.