Унаалардын кышкы дөңгөлөктөрүн жайкыга алмаштырууга эрте

Унаалардын кышкы дөңгөлөктөрүн жайкыга алмаштырууга эрте. Мындай сунушту синоптиктер беришти. Алардын маалыматына ылайык, марттын аягына чейин суук болуп, жаан, кар жаайт.

 

Алдыдагы эс алуу күндөрү температура кескин төмөндөйт. Андыктан, унаалардын дөңгөлөктөрүн алмаштырбай туруу оң. Синоптиктер белгилешкендей, чыныгы жаздын жылуу аба-ырайы 30-марттан кийин гана келет.