Кайгуул милиция Бишкектин бардык районунда иштеп баштады

Кайгуул милиция Бишкектин бардык районунда иштеп баштады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы түзүмдүн кызматкерлери кечээтен тарта коомдук тартипке, коопсуздукка жана жол кыймылынын коопсуздугуна көз салууда.

 

Эске салсак, кайра түзүлгөн Кайгуул милиция кызматы 31-октябрда расмий түрдө Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондорунда иштеп баштаган.