Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак пайда болду

Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак пайда болду.

China News басылмасы билдиргендей, жабдуу туристтер көп барган

Дуньхуан шаарында орнотулду. Бул аймактарда төөлөр да арбын болгондуктан,

эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырактар коюлду.

Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда

туристтер токтоп турушу шарт. Төөнүн сүрөтү кызыл болгондо жаныбарлар токтоп,

элди өткөрөт. Мындай жабдуулар азырынча башка өлкөлөрдө жок.