Швейцарияда учактардын пилоттору поезддердин машинисти боло алат

Швейцарияда учактардын пилоттору поезддердин машинисти боло алат. Бул пандемия учурунда жумушу жок калган учкучтарга тиешелүү. Пилоттор ассоциациясынан билдиришкендей, бул адистиктер бири бирине окшош болуп эсептелет.

 

Учурда Швейцарияда машинисттердин жетишсиздиги бар, андыктан учкучтар атайын даярдыктан өтө баштады.