Сауд Арабиясында бүркүт 173 миң доллар, же 1 миллион 384 миң сомго сатылды. Бул өлкө тарыхында эң кымбат канаттуу болуп калды. Аукциондо бүркүттүн баштапкы баасы 30 миң долларды түзгөн.
Салмагы 1 килограммдан ашкан жаш бүркүт өлкөнүн чыгышында кармалып, эми колго көндүрүлүп баштады.