Россия куруп бере турган мектептер 2025-жылы ачылат деп пландалууда

Россия куруп бере турган мектептер 2025-жылы ачылат деп пландалууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 9 мектептин курулушу боюнча макулдашууга кол койду.

 

Ага ылайык, Россия биздин өлкөнүн бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында 9 билим берүү мекемесин куруп берет. Алардын ар бири 1 миң 200 окуучуга чакталат. Заманбап окуу жайларда билим берүү Россиянын стандарттары менен жана орус тилинде жүргүзүлөт.