Ошто спорт шаарчасы пайда болот

Ош шаарындагы Сай-Бою көчөсүндө спорт шаарчасы пайда болот.

Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Оштун мэри Алмаз Мамбетов “Алай” футбол клубунун машыгуу жана кичи футбол аянтчаларынын курулушу менен таанышты.

Калаа башчы стадиондун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде трибуналардын астындагы жайларды оңдоо иштерин көрдү.

Анда кийим алмаштыруучу жайларды жана келечекте академияда жаш футболчуларды даярдоо үчүн класстарды ачуу пландалууда.

Иш сапардын алкагында шаар башчысы жарыктандыруу системаларын уюштурууга өзгөчө көңүл буруп, асфальттоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине тапшырмаларды берди.

Мындан сырткары, аймакта спорт зал, воркаут аянтчасын түзүү, үчүнчү кичи футбол аянтчасын куруу, спорттук кийимдерди жана спорттук тамак-аш дүкөндөрүн уюштуруу маселелери каралды.

Жалпысынан тийиштүү спорт шаарчасын түзүү, 300дөн ашык орундуу футбол академиясын ачуу максатында Сай-Бою көчөсүндө спорт инфраструктурасын өнүктүрүү пландалууда.