Боом капчыгайында ири өрт чыкты

Боом капчыгайында ири өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, тилсиз жоо Тоң районунун Көк-Мойнок айылындагы ачык аянтта чыкты.

 

Жалынды басууга өрт өчүрүүчүлөрдүн 3 бригадасы жана авариялык-куткаруучу техника тартылды. Жеринде 100дөн ашык киши тилсиз жоого каршы күрөшүүдө, арасында куткаруучулар, жергиликтүү тургундар жана “Кыргызтемир жолу” ишканасынын кызматкерлери бар.

 

Өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз.