Өлкө аймагында кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Бул тууралуу Кыргыз гидрометтен билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-февралдан 17сине чейин Төө-Ашуу,
Ала-Бел жана Чапчыма ашууларында, Чычкан капчыгайында,
ошондой эле Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Красная Горка-Ак-Таш
унаа жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн. Бул күндөрү айдоочулар
этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоосу кажет.