Жогорку Кеңештин имараты өрттөнүп жатат.
Учурда жеринде өрт өчүрүүчү 3 бригада иштеп жатат.
Бир унаа шаты тартылды. Жалынды басууга катуу шамал тоскоолдук жаратууда.
Эске салсак, 5-октябрь күнү борбор калаада парламенттик шайлоонун жыйынтыгына
нааразы болгон эл митингге чыгып, андан соң күч органдары митингчилерди
аянттан сүрүп чыгарган. Бирок эл артка чегинбей акыры Ак үйдү алышты.