Кеминде токойдон чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Чүйдүн Кемин районундагы тоонун коктусунан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Белгилей кетсек, 7-сентябрь күнү Чоң-Кемин өрөөнүндө Көк-Жар, Борду коктуларында куураган чөптөн, бадалдардан жана дарактардан өрт чыккан. Буга жарандардын шалаакы жана кайдыгер мамилеси себеп болгонун ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкан.