Нарын облусунда коронавирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине  12 миллион сом кошумча акы төлөндү

Нарын облусунда коронавирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине  12 миллион сом кошумча акы төлөндү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Сыйнагүл Шамеева билдирди.

 

Анын айтымында, бул каражат март, апрель айларына кошумча акы катары каралган. Облуста 495 медицина кызматкери коронавирус очогунда иштеп жатат.