Өлкөдө электрондук пломбаларды колдонуу боюнча долбоор сыноо иретинде кое берилди

Өлкөдө электрондук пломбаларды колдонуу боюнча долбоор сыноо иретинде кое берилди. Ага ылайык, ЕАЭБ мамлекеттеринен жүк ташыган унааларга атайын чиптер орнотулат.

 

Долбоор Евразиялык Экономикалык Бирикменин алкагында катышуучуларды навигациялык пломбаларды колдонууга даярдоо максатында ишке ашты. Республиканын салык кызматынын маалыматы боюнча, бул товарды чек арадан өткөрүүдөн тарта акыркы түйүнгө чейинки жылышын көзөмөлгө алууга шарт түзөт.