Жалал-Абад шаарында дагы коомдук транспорт жүрүүдө

Жалал-Абад шаарында дагы коомдук транспорт жүрүүдө. Калаанын вице-мэри Болот Узакбаев билдиргендей, 25-майдан тарта автобустарга жана маршруттук таксилерге элди ташууга уруксат берилди. 6 автобус жана 120 кичиавтобус каттамдарга чыгарылды.

 

Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан жобого ылайык айдоочулар жана жүргүнчүлөр санитардык эрежелерди сактоого тийиш. Транспортко чыгууда ар бир жүргүнчү беткапчан болушу зарыл.