Талас облусунда сел жүрүп, 5 гектарлык эгин талаасын жууп кетти

Талас облусунда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 5 гектарлык эгин талаасын жууп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
«16-май күнү Талас облусунун Талас районунда саат 18:00 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылын Таш-Төбө коктусунан аккан сел суулары каптаган. Тоолуу аймак болгондугуна байланыштуу калктуу конуштарга зыяны тийген эмес. Сел сууларынын кесепетинен болжол менен 5 гектарга жакын арпа жана картошка айдалган жерди жууп кеткен. Кырсык катталган жерге өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Жарандык коргонуу башчысы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жана Талас районунун акими барып, тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. 17-май күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чараларын жүргүзүшүп, келтирилген чыгым боюнча актысы түзүлөт», — деп жазылат маалыматта.