Быйыл Кыргызстанда 11-классты 61 миң 546 окуучу аяктап жатат. Ал эми 9-классты 103 миң414 окуучу бүтүрдү. Бул тууралуу Билим берүү берүү министрлигинен билдиришти.
Белгилеп кетсек, пандемиядан улам акыркы коңгуроо салтанаты бүгүн онлайн форматта өттү. Окуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында коомдук тартипти 3 миң 391 милиция көзөмөлдөп жатат.