Босниянын тургуну өзгөчө үй курду

Босниянын тургуну өзгөчө үй курду. Турак-жай турган жеринен айлана берет. Үй ээсинин айтымында, анын аялы күн сайын терезеден ар кандай көрүнүш болсо деп каалаган.

 

Ал кечке бул каалоосун айта бергендиктен, акыры эркек айлануу механизмин иштеп чыкты. Бул үчүн электр кыймылдаткыч жана аскердик унаанын дөңгөлөктөрү колдонулду. Атайын баскычтын жардамы менен үй айланып баштайт.