Кыргызстан Казакстандан 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын импорттойт. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди. Анын айтымында, мындай макулдашуу президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилди.
Кайра электр энергияны биздин өлкө 2-3 жылдын ичинде этап менен кайтарып бериши керек болот.
Министр белгилегендей, эки тарап ошондой эле, Казакстанга сугат суусун берүү боюнча макулдашты.