Украинанын Черкассы шаарында жолдогу чуңкур килем менен жабылды

Украинанын Черкассы шаарында жолдогу чуңкур килем менен жабылды. Мындай өзгөчө “ремонттун” сүрөтү социалдык тармактарда жүктөлдү. Анда чоң эле чуңкур килем менен жабылып, таштар менен бекитилгенин көрсө болот.

 

Социалдык тармактардын колдонуучулары бул көрүнүштү катуу сынга алышты, бирок тамашага салгандар дагы жок эмес.