Баткендин чек ара аймагындагы куралдуу кагылышууда келтирилген материалдык зыян 3 миллион сомго чукулдады

Баткендин чек ара аймагындагы куралдуу кагылышууда келтирилген материалдык зыян 3 миллион сомго чукулдады. Бул тууралуу Баткен райондук администрациясынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, чыгымдарды райондук Жарандык коргонуу комиссиясы эсептеди. Анда эки бастырма жана бир унаа күйүп, 10 үй жабыркаган.

 

Ал эми мал-жандыктар боюнча келтирилген чыгымды эсептөө уланууда. Эске салсак, 27-январда Баткен-Исфана жолунун бир тилкеси Тажикстандын чек арачылары тарабынан тосулуп, ок атылган.