«Акыркы көч» көркөм тасмасы Португалияда өткөн кинофестивалда эки сыйлыкка ээ болду. «Кыргызфильм» киностудиясынын маалыматына ылайык, ал «Эң мыкты тасма» жана «Эң мыкты сценарий» номинацияларында жеңүүчү аталды.
Тасманын режиссерлору – Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу.