Майлуу-Суунун 68 пайызы жылуулук менен камсыз болду

Майлуу-Суунун 68 пайызы жылуулук менен камсыз болду.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле, тургундарга ичүүчү жана турмуш тиричиликке колдонуу үчүн 48 тонна суу жеткирилди.

Мындан тышкары, таза суу келүүчү суу түтүкчөлөрүн жылытууга мүмкүн болбогон эки чакырым жерде жаңысын орнотуу үчүн 11 техника иштеп жатат.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 12-январда катуу сууктан улам суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.

От казандардын иштен чыгышына алып келген авария боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланган.