Майыптыгы бар балдар ноябрда көбөйтүлгөн жөлөк пул алат

Майыптыгы бар балдар ноябрда көбөйтүлгөн жөлөк пул алат.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү

министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей,

президенттин жарлыгын ишке ашыруу боюнча токтом долбоор иштерип чыккан.

Учурда ал министрлер кабинетинде кароодо. Министрлер кабинети токтомду

кабыл алгандан кийин жогорулатылган жөлөк пулдарды төлөө башталат.

Буга чейин айрым категориядагы жарандардын пособиелери 1-октябрдан

тартып көбөйтүлөрү айтылган. Бирок майыптыгы бар балдардын ата-энелери

мурдагы эле 4 миң сом өлчөмүндөгү жөлөк пулдарды алганын айтып чыгышты.