12-октябрда ордо калаанын айрым аймагында таза суу өчүрүлөт

12-октябрда ордо калаанын айрым аймагында таза суу өчүрүлөт.

“Бишкек суу канал” ишканасынан билдиришкендей, эртең мененки

саат 9дан кечки 9га чейин суу Жунусалиев, Чайков, Айни, Лев Толстой,

Садырбаев, Космос көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасында,

Айыл чарба институтунда, Ак-Өргө, Ак-Ордо жана Теңир-Тоо

конуштарында жок болот. Убактылуу өчүрүүлөр суу

тосмолорун жана түтуктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу.