Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55 миң 200 дозасы келди

Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55 миң 200 дозасы келди.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин

басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, вакцина Европа

биримдигинин жарандык колдоо механизминин алкагында Польша тарабынан берилди.

Препарат жакынкы аралыкта өлкөнүн эмдөө түйүндөрүнө бөлүштүрүлүп берилет.

Белгилеп кетсек, буга чейин өлкөдө AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө токтотулган.

Буга препараттын сактоо мөөнөтү бүткөнүнө байланышту.