Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 53 пайызга көбөйдү

Быйыл былтыркыга салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин кирешеси 53 пайызга же

20 миллиард сомго көбөйдү. Көрсөткүч январь-апрель аралыгына туура келет.

Бул тууралуу экономика жана каржы министрлигинен билдиришти. Түшкөн кирешенин

басымдуусу салыктан чогултулду. Алар 70 пайызды түздү. Ведомстводон белгилешкендей,

былтыр аталган мөөнөт аралыгында бюджеттин кирешеси 38,5 миллиард сомду түзсө,

быйылкы көрсөткүч  дээрлик 59 миллиардга жетти.