Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги социалдык маанидеги  53 объектинин курулушун аяктады

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиги социалдык маанидеги  53 объектинин курулушун аяктады. Кеп мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, спорт залдары, мадания объектилери жана суу системалары тууралуу болуп жатат.

 

Эң көп жаңы курулуштар Ош жана Жалал-Абад облустарында пайда болду. Аларга каражат  мамлекеттик бюджеттен  жана аймактарды өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн.