Ордо калаадагы Жукеев Пудовкин көчөсү узартылат.
Учурда “Бишкек асфальт сервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тилкеге
даярдык иштерин жүргүзүп жатат, — дешти мекеменин басма сөз кызматынан.
Маалыматка караганда, жаңы көчө Масалиев тилкесинен Сухэ-Баторго чейин пайда болот.
Анын узундугу 1 чакырым 200 метрди, туурасы 22 метрди түзөт.
Мындан тышкары жолдун эки тарабында туурасы 3 метрди түзгөн тротуар салынат.
Иштерди ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.