Мамлекеттик  салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кызматтан кетти

Мамлекеттик  салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кызматтан кетти.

Аталган ведомстводон билдиришкендей, отставканын себеби айтылбайт.

Эми Мамлекеттик салык кызматынын башчысы ордун Илияз Иманбетов ээлейт.

Ал буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ алкагында

кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси болчу.