Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Балбак Түлөбаев дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду. Түлөбаев буга чейин
ордо калаа мэриясынын аппаратын жетектеп келген. Ал эми аймактын мурдагы жетекчиси
Акылбек Осмоналиев Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары кызматына киришти.