Бишкекте мектептерди аралыктан иштөөгө толук өткөрүү же өткөрбөө маселеси коронавируска чалдыккан
окуучу же мугалим менен байланыш болгондордун санына жараша чечилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Чечимди санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери кабыл алат. Бүгүнкү күндө
Бишкекте 3 мектеп толук бойдон жана 7 мектептин 11 классы онлайн окуп жатат. Белгилеп кетсек,
ордо калаа боюнча 1,5 миңге жакын окуучунун ата-энеси баласы үйдөн окуй турганы жөнүндө арыз жазышкан.